Menu

Видео – Адил Турдукулов: “Бабанов премьер-министр кезинде эле, күчтүү президент Атамбаевге да баш ийбей, өз саясатын жүргүзчү”

Бөлүшүү:

“Бабанов оор салмактуу, көз карандысыз саясатчы. Мисалы, ал премьер-министр болуп турганда Атамбаев күчтүү президент болуп турса да баш ийбей, өз саясатын жүргүзгөн. Ошону менен ал өз саясатын кура алган саясатчы катары өзүн көрсөттү”, – деп билдирди жаш саясатчы Адил Турдукулов бүгүн, 15-апрелде.
“Бирок азыркы бийлик көз каранды саясатчыларга муктаж. Алар Атамбаевге каршы курал болуп бере турган саясатчыларды гана издейт. Ал эми Өмүрбек Бабанов андай саясатчы болбойт болчу. Ошондуктан бийлик Бабановдун Кыргызстанга келишине кызыкдар болгон эмес. Менин оюмча бийлик азыр кыска мөөнөттүк утушка ээ болду. Анткени алар укук коргоо органдары аркылуу көз карандысыз саясатчыларга басым жасоого жөндөмдүү экенин көрсөтө алды. Бирок узак мөөнөттүү келечекке караганда утулуш болду. Анткени Бабановдун келем деп дүрбөлөң салганы бул Кыргызстанда чыныгы каршылаш күчтөр басымдуулук кыларын көрсөттү. Муну башка каршылаш күчтөр жана азыр орточул болуп турган күчтөр да туюп-билди. Мисалы, Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү” жана “Бир бол” фракциялары, Садыр Жапаровдун жана Текебаевдин, КСДПнын тарапташтары ошондой жыйынтык көрө алды деген ойдомун”, – деди Адил Турдукулов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: