Бүгүн, 22-апрелде Ош шаарында «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» телекоммуникациялык форуму ишин баштады. Мындай форматтагы Форум өлкөдө биринчи ирээт өтүүдө.
Форумдун ачылышында Мамлекет башчысы санариптештирүү президенттик ишинин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берээрин дагы бир ирээт белгиледи. Форумдун катышуучулары Дүйнөлүк Банктын КРдеги туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар, Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев баяндама жасашты.
Бирок жыйын өтүп жаткан залда санариптештирүү деген сөздү укканда уйкусу келген кыргыз аткаминерлери аябай көп болгондугу коомчулуктун көңүлүн буруп, мындай аткаминерлер менен биз кантип санариптештирүүнү ишке ашырабыз деген суроо менен социалдык тармактарды уйкучу чиновниктер сынга кабылды.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ