Бүгүн, 19-февралда Райымбек Матраимовдун тарапташтары УКМК алдында саат 14:30 чогулушат. Бул тууралуу журналист Элнура Алканова билдирди.
“Такталбаган маалыматтар боюнча, Райымбек Исмаиловичти бүгүн сотко алып келип, баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камалат экен. Акыйкат издеген жарандар болсо, келип Райымбек Исмаиловичти колдоп бериңиздер”, – деп билдирди ал.
Ал ошондой эле, Кара-Суу шаарында Исмаил Ата атындагы мечит астында да саат 14:30 Матраимовтун тарапташтары чогула турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, кечээ, 18-февралда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ