Menu

Гүлзат Мамытбек менен “Чыпалак баатыр” жолукту

Бөлүшүү:

Гезиттин мурунку сандарында Гулзат Мамытбек менен «Чыпалак баатырдын» (Зарылбек Аликенов) бири-бирине болгон турмуш куруу көз караштары тууралуу материал жарыкка чыккан. Эки күн мурун Бишкек шаарында жолугушканы маалым болор замат биз эки жылдызга байланышып, ортодо кандай сөздөр болгонун өз ооздорунан уктук.

Гулзат Мамытбек:

– Зарылбек иним экөөбүз жолуктук. Ортобузда жылуу мамиледе сөз болду. Эч бир кыйшаң-мыйшаң кеп айтпады. Жакшы иним бар экен. Экөөбүз бирге ырдадык. Ырдын сөзүн бир аз унутуп коюпмун. А так жакшы дуэт болду. «Чыпалак баатыр» мага үйлөнөт экен» деген сөз да козголду. Мен Том Крузума тийем, Голливудун кошуп Кыргызстанга ала келем. “Чыпалак баатырга” турмушка чыкпайм. Мен максатыма жетем. Асман менен жердей айырмабыз бар экен. Ошентсе да кыргыздын жигиттери мыкты!

Зарылбек Аликенов:

– Бизди Эрмек Нурбаев жолуктурду. Мен Гулзат Мамытбекке жакшы түшүндүрдүм: «Мага байланыштуу кептердин көбү ушак. Мени кимге гана үйлөндүрүшкөн жок. Апрель айында Назира Жетигеновага үйлөндүрүп ийишкен» дедим. Назиранын мага тийе турган түрү жок. Бой көтөргөн кыз экен. Жадагалса жеке концертине катышкандыгым үчүн акчасын да берген жок. «Май айында болсо Инстаграмда «Гулзат Мамытбекке үйлөнөт экен» деп сүрөтүбүздү салышты. Муну дос балам жайгаштырып коюптур» дедим. Менимче, бу кыз деле мени карай турган түрү жок. Анүстүнө балдары бар экен. Азыр мени башка нерсе кызыктырып атат, канткенде жаңы номур даярдайм?.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: