Каргалар кырылган Кара- Балта шаарында учурда саясий абал тынч эместигинен кабар алдык. Маалыматтарга караганда жаңы шайланган шаардык кеңештин депутаттары азыркы мэр Данияр Шабдановду мэрликтен алып түшүү боюнча аракеттерди көрө башташыптыр. Себеби мэрдин иши начар экен. Данияр КСДП партиясынын мүчөсү. Бир топ жылдан бери бир орунда, тактап айтканда мэр болуп иштеп келе жатат. Кара-Балтада баланча иш болду, баланча деген объект ишке берилди деп журналист катары биз деле жагымдуу маалымат уга элекпиз. Тескерисинче “Кара-Балтада каргалар кырылды, шаарды түтүн, сасык жыт каптады” деген сыяктуу эле жагымсыз маалыматтар айтылып келе жатат. Демек, мэрди алмаштыруу керек го…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ