Menu

ТИМ: 20-марттан 13-июлга чейин Россиянын 21 аймактарынан 16 581 мекендештерибиз кайтты

Бөлүшүү:

КРнын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Россиядан Кыргызстандын жарандарын Мекенине алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык, 2020-жылдын 6 июлдан тарта 12 июлуна чейин Москва шаарынан 8 чартердик авиакаттамы менен 1 813 жүргүнчүлөр учуп кетти. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда,
– үч авиакаттам Москва шаарынан Бишкек жана Ош шаарларга 803 жүргүнчүлөр менен;
– эки авиакаттам Новосибирск шаарынан Бишкек жана Ош шаарларга 365 жүргүнчүлөр менен;
– эки авиакаттам Екатеринбург шаарынан Бишкек жана Ош шаарларга 461 жүргүнчүлөр менен;
– бир авиакаттам Санкт-Петербург шаарынан Ош шаарына 184 жүргүнчүлөр менен.
Жалпы, РФнын авиакаттамдар убактылуу токтотулгандан баштап, 2020-жылдын 20-мартынан тартып 13-июлуна чейин Россиянын 21 аймактарынан 16 581 мекендештерибиз кайтты. Россиядан 66 авиакаттамдар жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.
Ошол эле убакытта, Элчилик эсиңиздерге сала кетет, эпидемиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу, туруктуу авиакаттамдар ачылган эмес жана россия-казакстан чек арасы жабык. КРнын жарандарын чыдамдуу болууга жана россия-казакстан чек арасы тарабына барбоого Элчилик чакырат.
Бүгүнкү күнгө чейин Элчиликтин жана РФдагы КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнүн сайттарында, ошондой эле, социалдык тармактарда (Instagram – predstavitelstvo_migrasii_kr; FaceBook – Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгү) 4 миңден ашык вакансиялар жөнүндө маалымат жайгаштырылган.
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал татаал болгонун эске алып, Мекенине тез арада чыгууга себептери жок жарандарды, мүмкүн болсо, кырдаал турукташмайынча Кыргызстанга кайтуудан баш тартууга Элчилик чакырат.
Жумуш табуу боюнча жардам керек болсо, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнүнө төмөнкү дарек боюнча жарандар кайрылса болот: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү 12а; байлыныш телефондору: +7 (977) 597 37 03; +7 (901) 706 13 56 (WhatsApp); + 7 (901) 761 11 96; +7 (980) 078 03 32; + 495 780 74 12, + 495 780 74 10, + 495 780 74 12; электрондук дарек: [email protected].

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: