Menu

Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: “Атамбаев учурдагы абалын өз колу менен жасап алды…”

Бөлүшүү:

—Нариман мырза, үч күн мурун экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоо маалында сизден 500 миң АКШ долларын алганы айтылды. Бул 2009-жылдагы президенттик шайлоодобу же 2011-жылдагы шайлоодобу?

—2011-жылдагы президенттик шайлоо жөнүндө сөз болуп жатат. Алмазбек Атамбаевдин шайлоодо акча алганын кечээ эле айта калган жокмун. Анын менден акча алганын мурдатан эле айтып келе жатам. Ыңгайы келип депутаттык комиссияда каралып жаткандан кийин мен да кайталап айттым. Ал менден эле эмес президенттик шайлоого бир топ саясатчылардан акча алганын уккам. Айрымдарын министр, спикер, депутат кылып кутулса айрымдарына берген деле жок го…

—Мына ушундай алыш-бериш кылган, болгондо дагы ортоңордо жарым миллион долларлык аласа-бересе кылып жүргөн киши менен душман болуп калганыңыз бизге кызык болуп турат?

—Балекеттин баары ушундан башталып атат да. Мен Алмазбек Атамбаевге 500 миң доллар бергенге чейин эле бир топ каражат берип жүрчүмүн. Ал раматылык атамды да жакшы таанычу. Кийин менден дагы атама көрбөгөндү көргөзбөдүбү! Шайлоо маалында сөз болуп жаткан акчаны карызга деп алган. Анан шайлоо бүткөндөн кийин унчукпайт, анан сурадым. Мен ошол акчаны сурагандан баштап мага куугунтукту баштады. Алгач ал акчаны бербестин кыязы кылып ар кайсы министрликтерди сунуштады, ошол «кресло» менен чегерип карыздан кутулгусу келди. Мен баарынан баш тарттым. Кийин аягында транспорт министрлигин сунуштаганда дагы баш тарттым. Анан түшүндү окшойт жанында жүргөн сары Болот менен «шоопуру» карыз алган акчаны алып келген. Ошондон бир ай өтпөй эле мага иш козгоп, куугунтук баштап кийин камап салды. Мүлктөрүмдү күчкө салып тартып алды. Буга эл күбө. Буюрса чындык орноп келе жатат деп ишенип турам. Баары ачыкка чыгып, акыйкаттык орнойт деп ойлойм.

—Мүлктөрүңүздү сиз камалып чыккандан кийин алышты го?

—Ооба, мен олтуруп чыккандан кийин, башкача айтканда мага кылмыш иши козголгондон 4 жыл өткөндөн кийин гана алышты. Булар 4 жыл бою соодалашты. Бишкектин чок ортосунда жакшы жерде жайгашкан менин жериме, имаратыма кызыгып, ошону кайра-кайра сурап, мен таптакыр бербей койгондон кийин менин башка мүлктөрүмдү күч менен тартып алышпадыбы. Мүлктөрдү кантип тартып алганы боюнча Атамбаевдин Ленин райондук сотунда «бөрк ал десе баш алган» Сариев Аманбек деген «желдети» бар эле. Ошол эргулду таап сурасаңар так жооп аласыңар. Мени соттоп жаткан да 3 барак токтомду окуп туруп чечим чыгарган Сариев кийин бизге үч эмес, 90 барактан турган токтомду берген ошол итибай. Башкы прокуратура Сариевден жакшылап сураса эле ким, качан, кантип буйрук бергенин, кимдерди анын колу менен «жайлаганын» сайрап берет. Буюрса Аманбек Сариев, Жаныбек Салиевдердин да жооп бере турган күн келээрине ишенем…

—Кайсы Жаныбек Салиевди айтып жатасыз?

—Алмазбек Атамбаевдин президент, Аида Салянованын Башкы прокурор кезинде сот, прокуратура тармагынын ашмалтайын чыгаргандардын башында так ушул Жаныбек Салиев деген турган. Азыр үйүндө жатат аялынын этегине жашынып, эртерээк ушул кырдаал өтүп кетсе экен, менин кылган былыктарым билинбей калса экен деп күнү-түнү Кудайдан тиленип. Атым аталбаса экен деп жашынып жатпайбы! Жаныбек Салиев учурунда Урманаевдин үйүн тоногон, мародерлук кылган деп айыпталганын коомчулук унута элек. Кийин ал иштеринин баары табышмактуу жабылып, Жаныбек кылмышка тартылмак түгүл кызматтан-кызматка секирик жасаган. Болбосо соттолуп кетмек. Табышмактуу иштеринин жабылган себеби, кийин ачыкталбадыбы. Бул Аида Салянованын классташы экен, анан аны кызматка коюп туруп далайдын баарын ушунун колу менен жасабадыбы! Мени соттоп жатканда да билимсиз Жаныбек Салиев күйгүзгөн. Себеби, мени мамлекетке 70 миллион сом чыгым келтирди деп ушул эсептеп айткан. «70 миллион чыгым келди деп кандай жолдор менен, кандай фактылар менен эсептедиң?» деген суроомо: «Мен өзүм эле мындай болжолдоп эсептеп койдум» деген айбан ушул да. Ушул Жаныбек Салиев, Аманбек Сариевдердин жооп берээр учуру жакындап калды…

—Сиз экс-президентке бир эмес, бир нече ирет каражат бергениңизди айтып атасыз. Ал киши илгери эле мультимиллионер болгонун, Акаевден биринчи мерседес айдаганын көп айтат го?

—Калп айтат. Алмазбек Атамбаев 2010-жылдан кийин эбегейсиз байлыкка ээ болду. Өзүң ойлоп көрбөйсүңбү, мультимиллионер киши президент болом деп турганда шайлоого акча сурайбы?

—Алмазбек Атамбаевге акыркы жолу качан жолуктуңуз?

—Баягы Москвага чогуу учканда көргөм. Ошо боюнча көрө элекмин. Алмаз Шаршеновичтин бүгүнкү абалын абдан жакшы түшүнүп турам. 6 жыл президенттик мөөнөтүн дө кандай иштерди жасаган болсо ошонун «жемишин» көрүп атат. Жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок. Ишенген командасы камакта жатат. Аларды чыгарыш үчүн мамлекетке келген зыянды төлөш керек болот. Айтор, Атамбаевге кадимкидей боорум ооруп турат. Бирок, ал учурдагы абалын өз колу менен жасап алды.

—Аида Салянованы камабай эле сураса болмок, аял кишини анан да жаш баласын эске алса болмок деген пикирлер айтылууда. Сиз кошуласызбы?

—Мыйзам баардык жарандар үчүн бирдей болуш керек. Мыйзамды сыйласа Аида Салянова Башкы прокурор болуп турганда мыйзамсыз иштерди кылбаш керек болчу. Аида өзү бир учурда мыйзамсыз жасаган иштердин курмандыгы болду десем жаңылышпайм.

—Аида Салянованын камалышына Нариман Түлеев кызыкдар болду деген кеп бар?..

—Ыя, айланайын азыр мен каякта, Салянова каякта? Анын камалганын интернеттен окудум. Мына менин Бишкектен чыгып кеткениме эки ай болду. Кызматсыз жүрсөм, эч бир органга сөзүм өтпөсө кантип мен тиешелүү болом? Анын кандай иштин негизинде камалганын баарыбыз көрдүк го. Мен Батукаев чыккан маалда камакта болчумун. Ал жакта баары угулуп турат да, кимдин канча алып, кантип чыгарганын бүт эле угуп турганбыз.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: