Menu

Талант Мамытов, ЖК депутаты: “Атамбаевдин жасаган иштерин тизмектеп, ага ким чимкирик экенин көрсөтөбүз!”

Бөлүшүү:

12-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутаттар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Жогорку Кеңештин депутаттары чимкиригин куюлтуп отурат” – деп акаарат келтиргенине жооп кайтарышты. Депутат, Талант Мамытов кесиптештерин Атамбаевдин кылган иштерин тизмектеп, тийешелүү органдарга тапшырып берүү сунушун айтты:

– Урматтуу депутаттар, айта берсек сөз көп. Бирок, кандай болбосун мыйзамдын талаптарына ылайык, Атамбаевге окшоп мыйзамдын чегинен чыкпастан, бардык укук нормаларды сактап, принципиалдуу позицияны карманып, Атамбаевдин аракеттерине баа беришибиз керек. Бул үчүн барыбыз биригип, Атамбаевдин жасаган иштерине баа берип, тизмектеп туруп тийешелүү органдарга өткөрүп беришибиз керек. Эгер ушул ишти аткара албасак, анда Атамбаев айткандай чыныгы чимкиригин тарта албаган адамдар болобуз. Эгерде аткарсак, анда ким чимкирик экенин кыргыз элине көрсөтөбүз!”- деди депутат Т.Мамытов.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: