Президенттик шайлоодо Асылбек Жээнбеков кошумча штаб ачып, акеси үчүн билек түрүнө иштебегенде жеңишке жетпей калуу коркунучу сакталмак экен. Дегеним, Фарид Ниязовдун шайлоодо начар иштегени, элге анчейин жукпаган пиар-технологиясы КСДПнын лөктөрүнүн арасында, тар чөйрөдө жакшы эле сындалып келди. Ал эми Асылбек мырза негизги кара жумушту көтөрүп, региондордон добуш алуу боюнча күчтүү команданын башында турганы, көшөгө артынан кыйла күч бергени уу-дуу кеп катары айтылууда. Ошондо КСДПнын билермандары Фаридге ишенип жатып алышканда, Өмүрбек Бабановго жеңишти алдырып жиберишип, утулуу ызасын тартып отурушмак экен да. Эмне эле бүгүнкү күндө Асылбек Жээнбековдун кадыр-баркы артып, анын кабылдамасында киши батпайт десе, көрсө, Сокенин негизги «моторунун» таасирин сезип атышкан турбайбы. Ал мындан ары да акесине арка-бел болуп, түркүк сымал өз саясатын уланта берери каңкууланууда. Эң башкысы, Жаныш Бакиевдин жолуна түшпөй, ак, таза ниет менен бир туугандык жөлөк-таягын кылса, эл деле жерибесе керек. Кокус чектен ашып кетсе билесиңер да, аягы кандай бүтө турганын…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ