Menu

Трамп мигранттарды АКШга киргизүү шарттарын катаалдаштырууда

Бөлүшүү:

Дүйшөбү күнү кечинде АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардан башпаанек алууга аракет жасаган мигранттардын агымын көзөмөлгө алуу боюнча жаңы чаралардын киргизүү  тапшырмасын берди.

Ага ылайык, Ички коопсуздук министрлиги үч ай аралыгында башпаанек үчүн документ тапшыргандардын арызын 180 күндүн ичинде кароо, арыз кароо үчүн акы киргизүү жана убактылуу иштөөгө уруксат берүү, чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөрдү бул сыяктуу укуктардан ажыратуу жол-жоболорун иштеп чыгууга милдеттүү.

Меморандумдун максаты – башпаанек берүүгө байланыштуу эрежелердин аткарылышын камсыздоо.

Мыйзамдарга ылайык, америка чек арасындагы өткөрмө бекетте башпаанек сураган кишинин арызы каралышы керек жана ал жылдап созулушу ыктымал. Миллиондогон мигранттар башпаанек алышпайт, бирок өлкөдө мыйзамсыз жашап жүрө беришет. Трамптын администрациясы алардын агымын азайтуу үчүн ар кыл кадамдарга барууда. Маселен, арыздар каралып бүткөнгө чейин бул кишилерди Мексикага кайтаруу, башкалка сурагандар үчүн иммиграциялык борборлорду түзүү сунушталган. Бирок бул чаралардын көбү америкалык соттор тарабынан мыйзамсыз деп табылган.

Мартта мексика-америка чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн 92 миң мигрант кармалган. Былтыр бул айда камалгандардын саны 38 миң болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: