Бүгүн, 3-ноябрда Оштогу “Төлөйкөн” ат майданында өткөн Эр-эңиш боюнча мелдеште Кыргыз Республикасынын чемпиондору аныкталды. Бул тууралуу Дене-тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
⠀
Маалымат боюнча, бул мелдешке кыргыздын 32 балбаны катышып, ат үстүндө күч сынашты.
⠀
Кошумчалай кетсек, жеңүүчүлөргө сыйлыктар Мамлекеттик жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов тарабынан тапшырылды. Мелдеш жазуучу Ч.Айтматовдун 90-жылдыгынын алкагында өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр дипломдор, медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ