Menu

Байден COVID менен күрөшүү үчүн жакыр өлкөлөргө төрт миллиард доллар которууга убада берет

Бөлүшүү:

АКШ президенти Жо Байден 19-февралда эмдөө программасынын алкагында кедей өлкөлөргө төрт миллиард доллар бөлүүгө убада берүү менен башка бай мамлекеттерди да дүйнөдө коронавируска каршы күрөшүүгө өз салымдарын кошууга шыктандырат.

Байден бул ниетин «Чоң жети» (G7) саммитинин виртуалдуу жыйынында жарыялай турганы айтылууда.

АКШ администрациясындагы жогорку кызматтагы аткаминердин билдиришинче, Кошмо Штаттар эл аралык COVAX программасына токтоосуз түрдө эки миллиард доллар которот. Дагы эки миллиард доллар калган өлкөлөр өз милдеттенмелерин аткаргандан кийин эки жыл аралыгында бөлүнөт.

COVAX — ар кыл өлкөлөрдөгү калктын аярлуу катмарына вакциналарды сатып алуу жана таратуу боюнча глобалдык долбоор. Программа кедей өлкөлөрдүн бай мамлекеттерден кем калбай элди эмдөөнү уюштурушуна жардам берүүгө багытталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: