Menu

Президент Садыр Жапаров: “Эриш-аркак жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн дагы бир стимул болду”

Бөлүшүү:

 «2020-жыл Россия менен Кыргызстандын эриш-аркак жылы деп жарыяланган. Ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө дагы бир стимул болду. Анын программасына 200дөн ашуун иш-чаралардын тизмеси кирип, эки тараптуу өз ара кызматташууну активдештирүү жана биздин өлкөлөрдүн жарандарынын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү максаттарын көздөйт», – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өкмөттүк «Слово Кыргызстана» гезитинин бүгүнкү, 19-февралдагы санына жарыяланган өзүнүн макаласында.

Мамлекет башчысы, биргелешкен пландарга пандемия күтүүсүздөн түзөтүүлөрдү киргизип, мерчемделгендердин баары эле ишке ашпай калганын баса белгиледи.

«Эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылышын гана өткөрүүгө жетиштик, бирок айрым иш-чараларды кайрадан түзүүгө туура келди. Россиянын Кыргызстандагы күнү жана Кыргызстандын Россиядагы Эгемендүүлүк күнү онлайн режимде өткөрүлдү. Көп улуттуу Кыргызстандын элинин атынан мен эриш-аркак жылынын мөөнөтүн узартууну сунуш кылам. Бул боюнча Россиянын жетекчилигинен колдоо табарыма ишенем», – деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: