Menu

Коопсуз шаар долбоорунан коррупция жыттанабы?

Бөлүшүү:

Онлайн-аукцион үзгүлтүккө учурагандан кийин “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендер бешинчи жолу жарыяланды. Бул тууралуу кечээ күнү Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчисинин орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди. “Болуп өткөн сынакты тендердик комиссия жараксыз деп тапты. Ошол эле комиссиянын курамын бекитип, биз сынакты кайра жарыяладык. Техникалык тапшырмалар, критерий жана башка сынактын документтери ошол эле боюнча калды. Сынак өзү 4-сентябрь күнү өтөт, башкача адканда документтер 4-сентябрда ачылат”, – деди Кубаныч Шатемиров. Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашпай келе жатканына төрт-беш жылдын жүзү болду. Улам тендер жарыяланганы менен иш жүзөгө ашпай келет. Бул боюнча аталган долбоордун ишке ашпоосунун себеби эмне деген суроо менен айрым белгилүү инсандарга кайрылып, ойлорун уктук…

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: Тендер аркылуу өткөн коопсуз шаар долбоору мамлектке коркунуч келет

-Биздин конституция боюнча атуулдардын коопсуздугун сактоочу – бул мамлекет жана анын өкмөтү. Машина айдоочулар, жөө жүргөн жарандар баары тең жабыр тартуучулардын катарында, жолдо жүргөн тетир-оң рулдуу машиналар, айдоо күбөлүгүн сатып алгандар баары тең адамдын өмүрүнө коркунуч туудурат. Мына ушул абалдан чыгыш үчүн мамлекет коопсуз шаар деген программаны ишке ашыра албай жатат. Себеби коопсуздуктун милдетин аткарган укук коргоо мекемелери, анын ичинен эң башкысы Ички иштер министрлиги. Аталган министрликти техникалоо үчүн өкмөт камкордук көрүшү керек. Бирок өкмөт бул программаны жарым-жартылай инвесторлор аркылуу чечкени жатат. Тактап айтканда кирешени тең бөлүп. Коопсуздук жагын инвесторлор аркылуу чечүү жакшы эмес. Мамлекеттин, жарандардын маалымат саясаты көрүнгөндүн колуна түшүп калаары бышык. Мындай абал кыргыз мамлекетинин маалымат коргоо боюнча мыйзамына дал келбейт, мындай абалды биз баштан өткөргөнбүз, ал түштүк Кореяда илгери басылган паспорттор боюнча. Кыскасы коопсуз шаар маселесин чечиш үчүн мамлекеттин коопсуздук жагдайын караш керек.

Жолдошбек Токоев, журналист: коопсуз шаар боюнча тендерде ири коррупция бар

-Тендер деген бул Остап Бендер экенин көптөгөн элдер билишет. Тендерде сөзсүз ири коррупция бар. Менимче “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи тендеринде утуп алууну көздөгөн, анын артында тургандар мүдөөсүнө жетпей, ири акчадан кол жууп калгандар болуп, анан экинчи тендер өткөзүүнү көздөп жатышса керек. Деги эле “Мамлекеттик сатып алуулар” мыйзамын (тендер тууралуу) өзгөртүш керек. Бул мыйзамды чет элдиктер жазып берген атайын мамлекет коррупцияланыш үчүн. Антпесе тендердеги паракордук жоголбойт.

Адил Турдукулов, жарандык активист:

“Коопсуз шаар” долбоору кыргыз мамлекети үчүн, мамлекетте жашаган жалпы жарандар үчүн өтө керек долбоор. Азыркы учурда аталган долбоор дүйнө жүзүндөгү көп мам-лекеттерде ишке ашкан. Тилек-ке каршы, бизде беш-алты жылдан бери иш жүзүнө ашпай келе жатат. Ишке ашпаган себеби баягы эле коррупциялык система деп ойлойм. Чоцдордун кызыкчылыгы басымдуулук кылууда. Тендер жарыялоодогу чондордун кызыкчылыгы буга чейин кандай болсо, азыр деле ошондой болуп жатат деп так кесе айтсак жарашат.

Мирлан Алымбаев

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: