16-декабрда Талас районунун Талды-Булак айылынан 14 жашар Баян Сарайбекова дайынсыз болуп жатканы боюнча энеси Айгүл Исламбекова милицияга кайрылган. Энеси анда төмөнкүлөрдү айтып берген эле:
“Кызым 8-класста окуйт. Кечээ жайлоодон атасы келген. Кызыбыз соңку кездери үйдөн жумуш кылбай, көңүлсүз эле басып-туруп калган. Үйдүн жыйналбаганын көрүп, атасы урушуп, бир чаап койду эле. мен да урушкам. Ыйлаганынан кошуналардыкына алып баргам. Атасы кайра жайлоого кеткен. Күндөгүдөй эле жатканбыз. Таңкы алтыда ойгонсом, Баян ордунда жок. Уулумду ойготсом, “машинеге түшүп кетип калды” дейт. Мектепке кеткен экен деп ойлопмун. Бирок мугалимдер келбегенин айтышты. Мындай болорун билсем, кайдан урушат элем”, – деп сыздаган.
Бирок 14 жаштагы секелек кыз 17-декабрда Бишкек шаарынан табылды. 18-декабрда ата-энесине жеткирилди. Кызды Талас районунун кызматкерлери издөө салган. Кыз жөн гана үйдөн качып кеткенин айтып берген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ