Menu

Фото – Жаңы начальник Мелис Турганбаев бүгүн түрмөлөрдү кыдырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-февралда ЖАМКнын жаңы төрагасы Мелис Турганбаев Бишкек шаарында жайгашкан N47 жана N32-түрмөлөрдү кыдырды. Бул тууралу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Биринчи барган N47-түрмөдө Мелис Турганбаев түрмөнүн ичин аралап көрүп, мекеменин алдындагы Борбордук оорукананы, ошондой эле диний экстремизм жана террозим боюнча соттолгондор үчүн атайын абакты көрүп чыкты.

Натыйжада, Борбордук ооруканадагы өтө зарыл болгон медициналык техникалардын жетишсиздигине  жана дегеле түрмөнүн жалпы “мышык ыйлагыдай” абалына кейиди.

Турганбаев Борбордук оорукананын хирургия жана терапия бөлүмдөрүндө дарыланып жаткан пациенттер жана диний экстремизм менен террозим боюнча соттолгондор үчүн атайын абактагы айыпкерлер менен аңгемелешүү өткөрдү.

Андан кийин ЖАМКнын төрагасы N32-түрмө жана ЖАМКнын Борбодук базасы менен таанышты. Системанын өндүрүштүк ишмердигине өзгөчө көңүл бурду.

Кыдыруунун жыйынтыгында ыкчам жыйын өткөрүлүп, Мелис Турганбаев N47-түрмөнүн өнөр жай зонасын тосмо менен бөлүп, ал жерге ЖАМКнын “Омега” атайын максаттагы кызматы менен Кайтаруу жана конвой департаментинин жоокерлери машыга турган спорттук-машыгуу базасын түзүүнү тапшырды. Андан сырткары N32-мекемени ЖАМКнын поликлиникасы жана госпиталы кылып кайра түзүп чыгуу маселесин кароону белгиледи.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: