– Улукбек мырза, сиз Элдик курултайдын төрагасынын орун басары катары иш жүргүзүп жүрөсүз. Кечээ Элдик курултайдын уюштуруучуларынын бири Азимбек Бекназаров өтө резонанстуу билдирүүлөр менен чыкты. Пресс-конференцияда жанында олтурдуңуз. Ал эмне Атамбаев менен сүйлөшүп алдыбы? Элдик курултай экс-президент тарапка өттүбү?
– Мага пресс-конференция өтөөрү тууралуу эч ким алдын-ала айтпады. Факт катары айтышты. Жөн гана Элдик Курултайдын талаптарын аткартуу багытында гана сөз болорун айтышкан. Ал жерде Атамбаевдин тагдыры жөнүндө Азимбек Анаркуловичтин билдирген пикири жалпы Элдик курултайдын аткаруу кеңешинде талкууланбагандыктан, мен үчүн күтүүсүз болду. Курултай Бекназаровго бул тууралуу айтууга укук берген эмес. Ошондуктан, ал эмне деп айтпасын, ал жеке Бекназаровдун ою, көз карашы экенин айтып коюшум зарыл.
– Бул пресс-конференциядан кийин Элдик курултайдын ичинде да жик кеттиби?
– Элдик курултай – элдик институт. Бир адамдын пикиринен эч нерсе өзгөрбөйт. Баардык чечим – коллегиалдуу чечилет. Ошондуктан, бир адам туура эмес сөз сүйлөп койсо эле Элдик курултайга көө жабуу – туура эмес нерсе…
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ