“Сырткы карыз республикалык бюджеттен төлөнөт деген түшүнүк жок, бул элдин акчасы – салык төлөөчүлөрдүн акчасы. Мен карызды төлөө маселесин айткым келет, былтыр ТЭЦтеги авариядан кийин бул маселени талкуулаганбыз. Мага бир топ эжелер жана апалар келип кайрылышты. “Биз карызды төлөй албасак эмне болот? Төлөбөй эле коёлук” деп”, – деп билдирди депутат Айнуру Алтыбаева 14-февралда Жогорку Кеңештин Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияны талкуулаган отурумунда.
“Мен аларга “Биз төлөйбүз, бул жерде биздин чиновниктердин, биздин жегичтердин күнөөсү. Карыз алып жатканда биз мамлекеттик кепилдигибизди бергенбиз, төлөш керек. Бирок, мен силерге убада берем, эч кандай жерлерибизден ажырабайбыз, муну жеген коррупционерлерди кустуруп, төлөйбүз”, деп мен өз убадамды бергемин. Шолоктоп бир келин ыйлады “Келгиле, шакектерибизди, тагынгандарыбызды чечип берели, карыздан кутулалы, Үзөнгү-Кууш сыяктуу жерибизди алдырбайлы” деп. Мен “Тергөөдөн, соттон кийин бул уурдалган акчаларды кустурабыз” деп убадам бергемин. Мына, Башкы прокурордун докладында кайра эле Шадиевдин мүлкү тууралу эч нерсе айтылган жок. Бул жигит өмүр бою мамлекеттик кызматтан иштеген: Кирешелер комитетин төрагасы, Энергетика министри, Вице-премьер жана дагы ушул сыяктуу кызматтарда… Эмне үчүн бул докладда анын мүлкү көрсөтүлгөн жок? Бул жигит кылмыш иши ачыларын билгенден качканга чейин, 20 күндө баардык мүлктөрүн башкаларга каттатып бүтүрдү. Сиздин маалымат боюнча азыр Шадиевдин 6 млн долларга эле мүлкү камакка алыныптыр. Каржы полициясы, АКС, Каржы чалгыны Шадиевдин башка акчаларын табыш керек. Ал каякка катты, кайда кошту, кайсы эсептерде турат, эмне кылышты, ушул акчаларды сөзсүз табыш керек. Мен Баш прокурордон өтүнөм, биз ошол акчаларды таап, жегичтердин эсебинен карыздан кутулушубуз керек. Ошондо гана акыйкаттык орнойт”, – деди Айнуру Алтыбаева.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ