Menu

Бишкекте үч өспүрүм жигит 15 жаштагы майып кызды зордуктап жүргөн

Бөлүшүү:

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 15 жаштагы кызды үч өспүрүм бала зордуктап жүргөн. Бул тууралуу 24.kg басылмасына адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2020-жылдын сентябрь айында болгон. 15 жаштагы кыз сүйлөй албайт жана кулагы да укпайт. Ал дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатында окуйт.

“15 жаштагы кызды башка дүлөй жана дудуктар мектебинин үч окуучусу зордуктаган. Экөөсү 17 жашта, бирөөсү 18 жашта болчу. Бул окуя анын үйүндө болгон. Ал учурда кыздын апасы жумушунда болчу. Балдардын мугалиминде окуянын видеотасмалары бар. Ал кызды коркутуп, жабырлануучуга эч нерсени айтпоону талап кылууда», – деди ал.

Адвокат кыздын энеси 2020-жылдын ноябрь айында укук коргоо органдарына кайрылгандыгын баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: