Бүгүн, 23-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 72 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 17, Чүй облусунан – 47, Ош облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 3, Жалал-Абад облусунан – 1, Нарын облусунан – 1, Баткен облусунан – 2 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 86 001 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 76 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 82 879га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 33, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 26, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 11, Жалал-Абад облусунан – 1, Баткен облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 2 бейтап каза болду. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1460ка жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ