Menu

Чернобыль апаатынын катышуучулары медициналык жардамдын күчөтүлүшүн талап кылышат

Бөлүшүү:

“Кыргыз Республикасынын өкмөтү Чернобыль апаатынын катышуучуларына карата медициналык жардамды күчөтүшү зарыл. Мындай пикирин Чернобыль апаатына катышкандардын Жалал-Абад шаарындагы биримдигинин төрагасы Мамазакир Мадияров билдирди” – деп маалымдады Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Анын айтымында, 1994-жылы Жалал-Абад шаарында Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкандардын саны 126 киши болгон. Азыр алардын 1,2,3-топтогу майыптык алган 24ү гана шаарда жүрүшөт. Калгандары ар кайсы себептерге байланыштуу башка аймактарга кетишкен жана айрымдары Чернобылда алган нурлануудан улам көз жумушкан.

Албетте, мамлекет тарабынан компенсациялар, пенсиялар берилип турат, андан тышкары дарыланууга да жеңилдиктер берилет. Бирок, ал көрсөтүлүп жаткан жардам аздык кылат

-Бул апааттын кесепеттерин жоюуга катышкандардын баары 1,2,3-топтогу майыптар, ден-соолуктарын жоготушкан. Жылына дарыланып турууга мажбур болушат. Ал эми алган пенсия, компенсациялар кеткен чыгымдарды жабууга жетпейт. Нурлануудан улам алган дарт укумдан-тукумга өтүп, алардын балдары да медициналык мекемелерде каттоодо турушат. Ошондуктан, мамлекет аларга медициналык жактан жардамды, алардын балдарына да камкордукту күчөтүшү керек, – дейт ал.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: