Бүгүн, 22-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык жактан өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдарды, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.
Садыр Жапаров Си Цзиньпинди ай календары боюнча өтүп кеткен Жаз майрамы менен куттуктады. Ал кытай тарапка ар тараптуу колдоосу үчүн, анын ичинде КЭР Өкмөтүнүн Кыргызстан элине коронавирус инфекциясына каршы вакцина берүү боюнча чечимине ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Си Цзиньпин Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына расмий киришүүсү менен дагы бир жолу куттуктады жана Кытайга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ