Menu

Премьер-министр Улукбек Марипов: Бишкектин борборунда жакын арада жаңы Калкты тейлөө борбору ачылат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты тейлөө борборлорунун бирине пландан тышкаркы текшерүү менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышууда Өкмөт жетекчиси белгилегендей, жакын арада Бишкек шаарынын борборунда жаңы Калкты тейлөө борбору ачылат жана ал мурдагы «Эльдорадо» соода борборунун имаратында жайгашат.

Белгилесек, аталган соода борборунун имараты буга дейре мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилген. Кызматкерлер такталып, тийиштүү жабдуулар орнотулган соң, мында жаңы Калкты тейлөө борбору ачылып, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Коргоо министрлигинин линиясы боюнча бардык маалымдамалар берилип, кеңири кызмат көрсөтүлмөкчү.

Аталган Калкты тейлөө борборуна барууда Премьер-министр Бишкек шаарында жана жалпы республика боюнча тейлөө борборлорунун санын жогорулатууну, ошондой эле бардык калкты тейлөө борборлорунда кезек күтүүчү жарандардын ыңгайлуулугу үчүн шарттарды жакшыртууну жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатууну тапшырды. Мындан тышкары, тейлөө борборлорунун жетекчилигине жеке кабинеттерди «open space» (ачык типтеги кеңсе) форматында долбоорлоо тапшырылды, натыйжада, кызматкерлердин кардарлар менен иш алып баруусун көрүп турууга жана ар-кандай кырдаалга карата ыкчам жооп кайтарууга мүмкүндүк түзүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: