Menu

Сооронбай Жээнбеков «Кемин» салмак габариттик көзөмөл пунктунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кемин районундагы «Кемин» салмак габариттик көзөмөл пунктунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Анда автотранспорт каражаттарына жүктөлгөн жүктүн габариттик салмагын динамикалуу өлчөөнүн жаңы системасынын иштөөсү көрсөтүлдү.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, Премьер-министр буга чейин салмак габариттик пункттарда адам факторун алып салуу жана иштин ачыктыгын камсыз кылуу максатында салмак габариттик пункттарында автотранспорт каражаттарына жүктөлгөн оордуктун салмагын өлчөөнүн динамикалуу жаңы системасын ишке киргизүү тапшырмасын берген. Ал билдиргендей, сервердеги маалыматтар 10 жыл ичинде сакталат. Система тесттик режимде 2017-жылдын 10-февралынан тартып, «Кемин» жана «Сосновка» эки пунктта иштеп жатат. Бүгүнкү күндө донорлор менен аталган системаны дагы үч пуктта ишке киргизүү үчүн каражат бөлүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

«Системанын иштөөсүнө сырттан кийлигишүү толугу менен алынып салынды. Аталган системанын ишке киргизилиши салмак габариттик көзөмөл пукттарында төлөмдөрдү жыйноону көбөйтөт. «Сосновка» жана «Кемин» салмак габариттик көзөмөлдөө постторунда габариттик көзөмөл системасынын ишке киргизилиши авто транспорт каражаттарындагы оор жүктөрдүн салмагын динамикалуу таразалоодо жана өлчөөдө адам факторунун катышуусусуз, он-лайн режиминдеги видео жазуу жолу менен оор жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын мамлекеттик номер белгисин таануу үчүн ылайыкталган», – деп билдирди министр.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аталган системаны ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, коррупциялык фактыларды жоюуда келечекте бул система өлкөнүн бардык салмак габариттик пункттарында орнотулушу керектигин баса белгиледи.

Аталган системаны ишке киргизүү коррупция менен күрөшүүдөгү аткарылуучу механизмдин бири болуп саналат.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аталган системаны ири транспорттук жүктөмдөгү чоң жолдордо ишке киргизүү зарылдыгына өзгөчө басым жасап, аны өлкөнүн бардык пукттарында ишке киргизүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: