Menu

Суваналиев: Тажикстанда кармалып тургандарды бошотуу чарасы көрүлүп жатат

Бөлүшүү:

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев бүгүн, 22-февралда жакындары Тажикстанда кармалып турган адамдар менен жолугушту.

Жолугушууда Суваналиев Тажикстанга укук коргоо өкүлдөрүнүн коштоосунда барып, кабар алууну көздөп турганын айтты: “Азыр Тажикстанда кыргызстандык үч жаран кармалып турганы жөнүндө маалыматым бар. Өткөн жума күндөн бери бул маселени чечүү боюнча күч кызматкерлери менен чогуу иш жүргүзүп жатабыз. Аларды “чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн” деген жүйө менен кармашыптыр. Ал эми Интернетке “кыргызстандыктарды барымтага алып кетти” деп тарап жаткан маалыматтар жалган”.

Жолугушууга өкмөт өкүлүнөн тышкары жергиликтүү күч кызматтарынын жетекчилери, Баткен районунун акими да катышты.

Бүгүн, 22-февралда Баткенде облустук акимчиликтин алдына чогулуп, түрдүү себептер менен Тажикстанда кармалып турган туугандарын бошотуп берүүгө көмөктөшүүсүн облустук бийликтен талап кылышкан. Алардын айтуусунда, “чек арадан мыйзамсыз өткөн”, “аткезчилик товар ташыган” деген себеп менен жыл башынан бери жыйырмадан ашуун адам Тажикстанда камалууда. Бул маалымат расмий тастыкталган жок

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: