Menu

Экс-премьер-министр Сапар Исаков эл аралык издөөгө алынгандан бери биринчи жолу үн катты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-февралда эл аралык издөөгө алынган экс-премьер-министр Сапар Исаков Facebook социалдык тармагына бир нече пост жарыялады.

Социалдык тармактагы геолакацияда Сапар Исаков Россиянын Москва шаарында экени көрсөтүлөт.

Сапар Исаков впервые за долгое время дал о себе знать: вспомнил о Матраимове и Жээнбекове

Исаков Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов жөнүндө жазган.

«Райымбек Матраимов ууру экендиги 2017-жылы эле ачыкка чыгып, 2018-жылы ал кызматтан алынган. Азыр уурулугу такталып, камакка алынды. Учур, убакыт баарын өз ордуна коёт”, – деп жазган Сапар Исаков.

Ошондой эле, ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши жөнүндө да пост жазды.

«Бул укуктук башаламандык, башкаларды коркутуу, бийлик менен макул болбогондордун тагдыры кандай болорун көрсөтүү. Биз мыйзамды аткарган үчүн айыпталуудабыз. Айыптоо корутундусунда Исаков Кытай өкмөтүн “кысымга алган” деп айтылат. Кытай өкмөтүнө “кысым көрсөтчүдөй” Исаков ким? АКШ менен Кытайдын ортосунда соода согуштары жүрүп жатат. Кытай өзүнүн позициясынан бир да дюйм баш тарткан жок. Бул кандайдыр бир болбогон кеп!

Мен Жээнбековго кайрылгым келет. Эки жүздүү тышкы саясат өлкөнүн кыйрашына алып келет. Эмне үчүн мен мындай жыйынтыкка келдим? Жээнбеков Си Цзиньпин менен жолугушууда Кытайдын гранттык жардамы Кыргыз Республикасынын экономикасына, энергетикалык көзкарандысыздыгына жана башкаларга жакшы таасирин тийгизип жаткандыгын айтты. Абдан жакшы сөздөрдү айтты. Ал эми “Электр станциялары” ишканасынын өкүлү кытайлык компаниянын алдына коюлган Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча максаттар ишке ашпай калганын айтууда. Бул эмне? Бул эки жүздүүлүк! Ошондуктан, мен буга көңүл бурам. Эгер Кытайдын жардамы Кыргызстан үчүн өтө маанилүү десеңиз, анда сотто да ошондой дегиле. ЖЭБди реконструкциялоо максатына жеткен жок деген эмне? Ал өз максатына толугу менен жетишип, Кыргыз Республикасынын Кытайга койгон талаптарына жооп берет ”, – деп жазган Сапар Исаков.

2020-жылдын 6-октябрына караган түнү Сапар Исаков түрмөдөн бошотулган. Октябрь айынын аягында ал издөөгө алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: