Menu

“Манас Менеджмент Компани” ЖАКтын мурдагы президенти Нурсултан Белеков тергөө менен кызматташып, үй камагына чыкты

Бөлүшүү:

“Манас Менеджмент Компани” ЖАКтын мурдагы президенти Нурсултан Белеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги өз булактарына таянып жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, анын үй камагына чыгышынына тергөө менен кызматташуу келишимине кол койгону болгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, “Манас Менеджмент Компани” ЖАКы чет өлкөлүк компанияга жеңилдиктерди берип, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген.

Буга чейин Башкы прокуратура мамлекетке 139 миллион сом зыян келтирүү фактысын ачыкка чыгарганы маалымдалган. Нурсултан Белеков “Манас” аэропорту ачык акционердик коомунда буга чейин ачыкталган коррупциялык схеманын алкагында камакка алынган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ЖАК чет өлкөлүк компанияга жеңилдиктерди берип, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген.

Белгилүү болгондой, кылмыш ишинде Албек Ибраимов, Эмир Чукуев жана 2016-жылдан 2020-жылга чейин “Манас Менеджмент Компани” ЖАКта жетекчи болуп иштегендер фигурант катары өтүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: