Menu

Камчыбек Ташиев, УКМКнын төрагасы: “Кубанычбек Жумалиев уурдаганынын баарын мамлекетке кайтарып берет”

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берип, анын жактоочусу Бактыбек Жумашевди калп айтып жатат деп айыптады. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

«Адвокат Жумашев, мен депутат Жумалиевдин мүлкү жөнүндө туура эмес маалыматтарды айттым деп айтат. Мен чындыкты айткам жана мен дагы бир нерсени айтам, Жумалиев бир участокту 17 миң сомго сатып алган жана аны азыркы курс боюнча 185 миллион сомго саткан жана эч кандай салык төлөгөн эмес. Буга эмне дейсиң”, – деди Камчыбек Ташиев.

“Эми ал уурдалгандардын бардыгын мамлекетке кайтарып берет. Биз аны мыйзам менен мажбурлайбыз”, – деп жыйынтыктады Ташиев.

Белгилей кетсек, депутат Кубанычбек Жумалиев УКМКнын коррупцияга каршу күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: