Menu

Жергиликтүү шайлоо. “Реформа” партиясынан талапкерлердин тизмеси бекитилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-февралда Борбор калаада жакында “Реформанын” туусу астында биригишкен прогрессивдүү лидерлер партиясынын биринчи курултайы өттү. Бул тууралуу партиянын Коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

Курултайда бириккен үч партиянын делегаттары – “Асман Ала-Тоо”, “Адилеттүү Кыргызстан”, “Реформа” – белгилүү коомдук жана партиялык ишмерлер, жарандык активисттер, жаштар кыймылынын лидерлери катышты.

Курултайдын күн тартибинде 2021-жылдын апрелинде боло турган Бишкек шаардык Кеңешине шайлоого талапкерлердин тизмесин бекитүү болду. “Реформа” саясий партиясы бул шайлоого “Адилеттүүлүк. Өнүгүү. Үмүт” ураанынын алдында прогрессивдүү күчтөрдүн биримдиги катары баратат. Чыныгы адистердин күчтүү жактарына болгон ишеним альянсты колдогон тараптардын платформаларын бекемдейт жана бириктирет.

«Биз өз ишибизди бир күнгө да токтотпойбуз. Шаарды башкарууда прогрессивдүү жана кесипкөй жумушчу күчүнө болгон үмүт биздин колдоочуларыбызды бириктирип, чыныгы өзгөрүүлөрдүн программасын түзүүгө жардам берет. Биздин альянс шаарыбыздын ар бир тургунунун жана ар бир кыргызстандык үнүн угуу үчүн түзүлгөн. Бүгүн биз шаарыбыздын бүгүнкү күнүнө жана бүтүндөй өлкөнүн келечегине кайдыгер карабагандардын курултайын өткөрүп жатабыз”, – деп курултайдын катышуучуларынын алдында “Реформанын” өкүлдөрү билдиришти.

Партиялардын лидерлери белгилегендей, күн сайын ондогон жолугушуулар өткөрүлүп, борбор калаанын бардык райондорунан, өлкөнүн аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келип түшкөн жүздөгөн кайрылуулар каралып жатат.

«Элдер өз сунуштары менен бөлүшүп, чыныгы жакшы өзгөрүүлөргө үмүттөнүшкөнүн билдирип жатышат. Бардыгыбызды бириктирип турган адилеттүүлүк жана прогрессивдүү идеяларды карманып, чыныгы профессионалдар тартипке салып, шаарды башкаруунун адилетүү системасын курушат», – деп альянстын лидерлери билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: