Menu

Мьянмада полиция нааразылык акциялардын катышуучуларына ок атты

Бөлүшүү:

Ишемби жана жекшемби күндөрү Мьянманын бир нече шаарында аскердик режимге каршы нааразылык акциялар өттү. Янгон, Тавой жана Мандалай калааларында полиция менен болгон кагылышууларда кеминде 18 киши каза болуп, 30дан ашыгы жаракат алды.

Бул тууралуу «Би-Би-Си» БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгына шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, кагылышуулар маалында полиция кызматкерлери алгач желим окторду колдонсо, кийинчерээк кадимки ок менен демонстранттарды аткылай баштаган.

Мьянма 2011-жылга чейин аскердик бийликтин көзөмөлүндө болгон. Дал ошол жылы аскердик бийлик кулатылып, демократиялык өзгөрүүлөргө жол ачылган.

Быйыл 1-февралда аскерлер кайрадан бийликти кулатып, Нобель сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи баш болгон жарандык жетекчилерди камакка алган. Аскердик жетекчилик былтыр ноябрдагы «парламенттик шайлоону бийлик таза өткөргөн жок» деген шылтоону жүйөө катары карманып жатат.

Мьянманын оппозициячыл күчтөрү гана эмес, дүйнө коомчулугу да аскердик хунтадан өлкөдөгү мыйзамдуу жарандык бийликти тез арада калыбына келтирүүнү, абакта жаткандарды дароо бошотууну талап кылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: