Жайыл районунда адам өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 1-мартта саат 20.25 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн тез жардам кызматкерлери тарабынан Ново-Николаевка айылындагы үйлөрдүн биринен 14–жаштагы Т.А. жансыз денеси, киши колдуу болуп табылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.
Жайыл РИИБнүн тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге жөнөтүлүп, ал жерге келгенден кийин аталган факт тастыкталып, алдын ала маалыматтар боюнча, жашы жете элек баланын мойнуна бычак сайылып, ал ошол жерден көз жумганы белгилүү болгон.
Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат, керектүү экспертизалар дайындалды.
Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Жайыл районунун ИИБнүн кызматкерлери ьарабынан кылмышка шектүү деп, өлтүрүлгөн баланын энесин кармашкан, ал 36-жаштагы Т.В. аттуу жаран болуп чыкты. Азыркуы учурда райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. Окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат.
Сотко чейинки тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ