Menu

Вагончелленж: Наманган облусунун акиминен соң Бухаранын акими да контейнерде жашоону чечти

Бөлүшүү:

1-мартта Алат районуна иш сапар менен барган Бухара облусунун башчысы Ботир Зарипов Давлатбой маалесиндеги контейнерге токтоду. Бул тууралуу облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Зарипов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, активисттер менен жолугуп, мектептерди кыдырды.

Расмий маалыматка караганда, Ботир Зарипов 1-марттан баштап Давлатбой маалесинде орнотулган көчмө штабда ишин улантат.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев өткөн айда Наманганга барып, аткаруу бийлигинин ишин сынга алган. Мындан соң облус губернатору Шавкат Абдураззаков Бунёдкор маалесинин жашоочулары менен жолугуп, контейнер орнотуп, абал жакшырганга чейин да ушул мааледе жашай турганын билдирген.

«Эркин Европа» радиосунун өз булактарынын эсебинде, Наманган облусунун башчысы үчүн орнотулган контейнер үй үчүн 7,5-8 миң доллар чыгымдалды. Бул акчага айылда орточо турак жай курса болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: