Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 2017-жылдын 7-август күнү саат 18:00 чамасында Ново-Покровка айылындагы Чоң Чүй каналына 1987-жылы туулган эркек киши балык уулоо үчүн барып, сууга түшүп агып кеткен. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Ал адамды издөө үчүн 8-август күнү чыккан куткаруучу топ жашы болжол менен 20 жаштагы азият улутундагы белгисиз кыздын жансыз денесин каналдан табышкан жана райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өкөрүп беришкен. Учурда анын өздүгү милиция кызматкерлери тарабынан такталууда.
Ал эми 1987-жылы туулган изделип жаткан адамдын денеси ошол бойдон табылган эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ