Menu

Видео – ИИМ: Опузалап пара алган Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери кармалышты

Бөлүшүү:

Баткен облусунда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин кызматкерлери опузалап пара алган фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын  айтымында, 2021-жылдын февраль айында Жаза аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдөө жүргүзгөн прокуратурага Жаза аткаруу мамлекеттик  кызматынын мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Н.Б. арыз менен кайрылган. Ал арызында КР Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын    мекемесинин кызматкерлери келишим аркылуу жумушка орноштуруу учун андан 25000 (жыйырма беш миң) сом өлчөмдө пара талап кылып жаткандыгын билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факты боюнча 2021-жылдын 17-февралында КР Жазык кодексинин 326-беренеси (опузалап пара алуу) менен   КЖБРге катталып, бул кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Кылмыш ишинин материалын прокуратура ИИМдин Тергөө кызматына (Ош шаары) өткөрүп берген. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларды жүргүзүүгө ИИМдин КМКнын аймактар аралык башкармалыгынын
кызматкерлери киришкен. Шектүү деп божомолдонгон кызматкерлер үч жолу өзүнчө параны алышканы катталып турган.

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан атайын ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында 2021-жылдын февраль айынын аягында Жаза аткаруу мамлекеттик  кызматынын мекемесинин кызматкери үчүнчү жолу 6000 сом акча каражатын алып жаткан учурда кармалган.

Мындан аркы жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жаза аткаруу мамлекеттик  кызматынын  мекемесинин начальнигинин орун басары    Т.А. кармалды.

Кармалган кызматкерлер Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы убакта ИИМдин Тергөө кызматы (Ош ш.) тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши каралууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: