Бүгүн, 3-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” КР мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.
Жыйындын башталышында эле депутаттар ушул мыйзам долбоорун жана жаңы Конституциянын долбоорун демилгелеген эл өкүлдөрүнүн аты-жөнүн так айтууну талап кылышты.
Жыйында баяндама жасаган депутат Бактыбек Турусбеков авторлордун бири экенин айтып, калган авторлор тууралуу маалыматты ЖКнын аппараты кагаз жүзүндө таратарын билдирди.
Парламенттин түштөн кийинки жыйынында Дастан Бекешев мыйзам долбоорун депутаттар Бактыбек Турусбеков, Акылбек Жапаров, Марлен Маматалиев жана Мирлан Бакиров демилгелегенин жарыялады.
«Бул төрт депутаттын фамилиялары парламенттин токтомунда, комитеттин жана өкмөттүн корутундусунда бар. Алар жаңы Конституциянын жана референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорунун авторлору жана демилгечилери. Келечекте ушул депутаттар жооп берет. Алар Садыр Жапаровдун буйругун аткарып жатышат. Калгандары кол койгон эмес, алардын аттары ноябрь айында демилгеден алынып, тиркелген”, – деди депутат.
Аталган мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ