Menu

“Freedom House” глобалдык эркиндик деңгээли төмөндөгөнүн белгиледи

Бөлүшүү:

Кыргызстан Беларус менен катар 2020-жылы саясий укук жана жарандык эркиндик начарлаган мамлекеттердин катарынан орун алды. Бул тууралуу “Freedom House” уюму глобалдык эркиндик боюнча 3-мартта жарыялаган баяндамада айтылат.

Анда 2020-жылдагы коронавирус пандемиясы, экономикалык кризис жана ар кыл чатактар дүйнөдөгү эркиндиктин начарлашын шарттаганы белгиленген.

Баяндамада эркиндик рейтингинде 73 мамлекеттин позициясы төмөндөгөн. Алардын катарында Кытай, Беларус, Венесуэла сыяктуу авторитардык мамлекеттер гана эмес, АКШ, Индия сыяктуу “демократиясында маселе бар” өлкөлөр да бар. Ал эми Түндүк Македония демократиялык баалуулуктарды коргоо жаатында жакшы жыйынтык көрсөткөндөрдүн сап башына чыкты.

Документте “демократиянын коргоочулары авторитардык душмандар менен күрөштө жеңилүүгө дуушар болду”, – деп айтылат.

“Freedom House” баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан бейөкмөт уюм. Ал жыл cайын дүйнө мамлекеттеринде сөз эркиндигинин, глобалдык эркиндиктин абалын талдоого алып, баяндама жарыялап турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: