Menu

Тажикстан студенттерине 2500 долларга аскердик билет сунушталууда

Бөлүшүү:

Тажикстандын айрым жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү бир айлык аскердик окуудан өтүп, 28 миң сомони (2500 доллардын тегереги) төлөгөндөр офицердик наам жана аскердик билет ала алышарын билдиришүүдө. Болбосо бир жыл армияда кызмат өтөө керек болот.

«Ректорат эгер «Амонатбанктын» атайын эсебине 28 миң сомони которуп, бир айлык окуудан өтсөк, офицердик наам жана аскердик билет ала турганыбызды айтты», – деди Тажик улуттук университетинин студенттеринин бири.

Бул маалыматты Душанбедеги башка жогорку окуу жайлардын студенттери да тастыкташты.

Тажикстандын «Жалпы аскердик милдет жана аскердик кызмат жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакциясына ылайык, аскерге чакырылбай калгандар жана аскерде кызмат өтөөнү каалабагандар бир айлык окуудан өтүп, тиешелүү каражат төлөгөндөн кийин аскердик билет ала алышат. Мыйзам долбоору быйыл январда кабыл алынган.

Ошол эле маала тажик өкмөтү аскердик билет алуу үчүн төлөнө турган каражаттын суммасын расмий түрдө айта элек.

Тажикстанда армияга чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу – жазында жана күзүндө болот. Анын жүрүшүндө уландарды көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап аскерге алып кеткен учурлар көп кездешет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: