Menu

Сүйгөнүнө баш кошуу сунушун KFC ашканасында жасап, шылдыңга калган жигитти KFC, Audi, Puma, McDonald’s, Uber дүйнөлүк бренддери колдоп, үйлөнүү үлпөтүн каржылашкан

Бөлүшүү:

Түштүк Африкада бир жигит KFC тез тамактануучу ашканасында сүйлөшкөн кызына турмуш курууга сунуш киргизген, аны бир журналист сүрөткө тартып алган.

Кийинчерээк “Түштүк Африкадагы эркектер ушунчалык жакыр, жада калса турмуш курууга сунушту тез тамактануучу жайда (KFC) жасайт. Ушундай жерде кимдин сүйлөшкөн кызына турмуш куруу сунуш кыларын элестете албайм” деген темада макала чыккан.

Бирок журналист өзүнө карата коомдун жек көрүү сезимин гана туудурду. Ал эми дүйнөлүк бренддер эки жашты колдоону чечишти. KFC, Audi, Puma жана башка бренддер үйлөнүү үлпөтүн каржылашкан.

Huawei компаниясы жаштарга өзүнүн флагмандык телефондорун, McDonald’s VIP орундарын белек кылып, Тони Брэкстондун концерти үчүн Кейптаунга барчу жолду толугу менен төлөп берүүнү чечти. Uber жаштарга аларды жана майрамдык иш-чаранын конокторун алып келүү үчүн премиум унаалар менен камсыз кылат, ошондой эле аларды унаалар бир күн бою тейлейт. Ал эми зергер компаниялардын бири жаштарга бриллианты бар эки алтын шакекти белек кылат. Африкадагы белгилүү ашпозчу жана анын командасы тойдо майрамдык менюну жана тамак-ашты даярдоону толугу менен колго алууну чечишти.

Жаштарды шылдыңдашы керек болгон бул окуя өлкөнүн жашоочуларын бириктирип, дүйнөлүк бренддер аларды колдоону чечишти. Чындыгында, бул сунуш, албетте, акча жок болгондуктан жасалган. Бирок бул шылдыңдоого себеп эмес.

Кыргызчалаган: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: