Menu

Бала сатуу бизнеске айландыбы?

Бөлүшүү:

“Бирөөгө кор бала, бирөөгө зар бала ,-демекчи, азыркы опурталдуу, баарын акча менен чечкен заманда өз канынан жаралган наристесин саткандар да чыгууда. Ушундай төбө чачты тик тургузган окуя өткөн жумада Бишкек шаарында катталды. Ал эми ошол жаңы төрөгөн наристесин сатуу тууралуу жарыя берген келиндин артындагы эки ортомчу төрөткананын кызматкерлери экендиги ого бетер опурталдуу болууда. Укук коргоо органдары ал ымыркайлар 1,5-2 миң доллардан сатылгандыгын да аныкташты. Биринчи май райондук соту бала сатууга байланыштуу ишти карай баштап, эки медицина кызматкери «документ жасоо» боюнча кылмышты мойнуна алды. ИИМдин буга чейин билдиргени боюнча, кылмышка шектүү катары жети киши аныкталды. Алардын төртөө камакта отурат. Үчөө үй камагында.

Милиция Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун биринде иштеген гинекологдор бала сатуу боюнча шек саналып кармалганын жарыялаган.

Баштапкы маалыматтары боюнча, уюшкан топ 2016-жылдан бери ар кандай шартта баласынан баш тарткан аялдардын наристелерин башка бирөөлөргө берип жүрүшкөн. Коомчулукту сестендирген окуя боюнча Жазык кодексинин 124-беренеси («Киши сатуу») менен иш козголгон.

Тергөө убагында алты бала башка үй-бүлөлөргө сатылганы айтылган. Сатылган ымыркайлардын алды 2,2 жаш, кичүүсү былтыр августта төрөлгөн.

Бул окуяга удаа эле Орусиянын маалымат каражаттары 1 миллион рублга ымыркайын сатканы жаткан 23 жаштагы кыргызстандык келин кармалганын жазышты. Маалыматтарга караганда, келин баласын асырап ала турган ата-эне издеп жатканын социалдык тармактарга жазган. Ал акчаны алып, ымыркайды кардарга берип жаткан жеринен 5-мартта колго түшкөн. Полиция кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады. Учурда бул окуя боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги да иликтөө иштерин баштады.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: