Menu

Москвада үч буттуу бала төрөлүп, ашыкча дене мүчөлөрүн кесип салышты

Бөлүшүү:

Москвада үч буттуу бала төрөлүп, ашыкча дене мүчөлөрүн кесип салышты. Бул тууралуу Москванын саламаттыкты сактоо департаменти билдирди. Бала төрөлгөндө үч буттуу болуп түшүп, эки жыныстык мүчөсү болуп, аналдык тешиги болгон эмес. Ортоңку бутунда эки согончогу бар экен, врачтар түйүлдүктө эгиздер болгонун, бирок туура эмес калыптанганын дароо түшүнүшкөн.

Врачтар эң алгач көтөн чучугун сыртка чыгарып коюшкан. Энеси андан чыккан калдыктарды кабыл алганга үйрөнгөн. Бала кадимкидей сүт ээмп, күлүп, салмак кошкон. Эркек балага бир ай толгондо, ашыкча бутун кесишкен. Жарым жылдан кийин экиге бөлүнгөн жыныстык мүчөсүн калыбына келтиришкен. Эми көтөн чучугун калыбына келтиришет. Бала азыр басып калган, бардыгына кызыккан кадимки эле балдардай. Медицинадагы заманбап жабдыктардын пайда болушу менен наристени келечекте кадимкидей эле жашоо күтөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: