2-мартта Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк Тарых коомунун башчысы, профессор Бирол Четин менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тарых жана археология жаатында биргелешкен илимий изилдөө иштерин жүргүзүү жөнүндө макулдашылды, ошондой эле Коом менен Кыргыз Республикасынын тийиштүү уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүү талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында коомдун башчысы Б.Четин Кыргызстанда ар кандай тилдерде басылып чыккан басылмалардан жана электрондук китептерден турган тарыхый китепкананы ачууга даяр экендигин билдирди.
Баракелде, Элчи мырза!
Абдан жакшы маселе козголуптур. Демилге жерде калбасын. Тез арада бул китепкананы ачуу керек. Бирол Четин мырзага да ыраазычылык билдиремин.