Бүгүн, 8-мартта, Аялдардын эл аралык күнүндө КР Премьер-министри Улукбек Марипов улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Бишкек социалдык стационардын мекемесине – Карылар үйүнө барып, мекемеде жашаган аялдарды жаз майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакыт, жаркын маанай жана күч-кубат каалады.
Куттуктоо учурунда премьер-министр көзүнө жаш алып, ыйлап жиберди.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин 8-мартка карата чын дилден чыккан куттуктоолорун билдирем. Ушул жаркыраган майрам күнү ар бириңиздерге чың ден соолук, узак жана бактылуу өмүр, бакубатчылык жана жакшылыктарды каалайм. Аялзаты кылымдар бою үй-бүлөдө ардактуу орун ээлеп, үйдүн куту болуп, балдарды эң бийик адеп-ахлакка тарбиялар, өздөрүнүн акылмандыгы жана боорукердиги менен дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүп келет. Бүгүн ушул залда акылгөй, чыгармачыл, таланттуу айымдар чогулган. Сиздер өлкөнүн өнүгүшү үчүн зор күч-кубат жумшадыңыздар. Сиздерге терең таазим! Сиздер, бардыгыңыздар – биздин энелерсиздер, биз – сиздердин уул-кыздар, сиздер жалгыз эмессиздер! Ар бирибиз ата-энебизди сүйүп, урматтап, аларга камкордук көрүүгө тийишпиз! Мен балдардын жана карылардын үйлөрү жок болушун чын жүрөктөн каалайт элем, балдар жана улгайган адамдар үй-бүлөдө, сүйүү жана камкордукка курчалып жашашы керек. Биз өсүп келе жаткан муунду улууларга, ата-энесине урмат көрсөтүүгө тарбиялашыбыз керек. Биз сиздердин жашоону жакшыртуу үчүн иштөөгө тийишпиз», – деди Улукбек Марипов.
Мекеменин жашоочулары өз кезегинде Өкмөт башчыга жооптуу ишинде ийгиликтерди каалап, ар бирибизге жана жалпы мамлекетибизге гүлдөп-өсүүнү каалашты.
«Кыргыз эли үчүн адилеттүү, калыс Премьер-министр болуп, мамлекетибизге татыктуу кызмат өтө», – деди жашоочулардын бири.
Премьер-министр ошондой эле социалдык мекеменин кызматкерлерин 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, аларга ден соолук, бакыт-таалай жана иштерине ийгиликтерди каалады.
Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы боорукердик бөлүмүндөгү саламаттыгынын абалы начар жарандардан кабар алып, алардан ал-жайын сурады.
Кыдыруунун алкагында ал социалдык мекемедеги жашоо шарттары менен таанышты.
Ведомство тарабынан мекеменин жашоочуларын басуу үчүн скандинавиялык таяктар менен камсыздоо өтүнүчү айтылды.
Премьер-министр мекемеге скандинавиялык таяктарды сатып алышарын белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ