Menu

Экспертиза камактагы өзбек журналистине кыйноо колдонулганын тастыктаган жок

Бөлүшүү:

15-мартта Ташкент шаардык сотунда антиконституциялык ишмердүүлүккө айыпталган журналист Бобомурод Абдуллаев, блогер Хаетхон Насреддинов жана жергиликтүү ишкерлер Равшан Салаева менен Шавкат Оллоеровдин иши каралды.

Сотто Абдуллаевге карата кыйноо колдонулганы соттук-медициналык экспертизада аныкталбаганы айтылды.

«Эзгулик» укук коргоо уюмунун мүчөсү, көз карандысыз журналист Абдурахман Ташановдун билдиришинче, төртөө тең мамлекеттик төңкөрүш аракети, өлкө жетекчилигинин беделин түшүрүү, конституциялык түзүмдү күч менен уратууга айыпталууда.

“Сотто Бобомурод Абдуллаев 2003-2005-жылдары «Усман Хакназаров» каймана аты менен макалаларды жазып жүргөнүн моюнуна алды. Ал сурак учурунда кыйноо колдонулганын кошумчалады. Анын айтымында, мажбурлоо жолу менен күнөөнү мойнуна алдырышкан. Журналист 27-сентябрда үйүнүн жанынан уурдап кетишкенин маалымдады. Ага «Салимбайдын жер төлөсүндө» жатканын айтышкан. Эки күндөн кийин тергөө абагына алып келишип, Пулат Бабаджановго (ИИМ башчысы ) жана Ихтиёр Абдуллаевге (Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы) каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашкан, –деди Абдурахман Ташанов.

Бобомурод Абдуллаевге, блогер Хаетхон Насреддиновго жана жергиликтүү ишкерлер Равшан Салаев менен Шавкат Оллоеровго «бийликти басып алуу максатында кутум уюштуруу» беренеси боюнча айып тагылган. Журналист Абдуллаев Өзбекстанда конституциялык түзүлүштү кулатуу жана учурдагы бийликти алмаштыруу чакырыктары камтылган макалаларды интернетке жарыялаган деп айыпталууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: