Бишкектеги “Фрунзе” заводундагы жарылуудан үч адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда журналисттерге Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25 жаштагы жигит оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал денесинен бир нече жаракаттарды алган.
Дагы 2 жабырлануучу күйүк бөлүмүнө жаткырылып, алардын бири амбулатордук дарыланууга чыгарылды.
Эскерте кетсек, кечээ, 22-декабрда “Фрунзе” атындагы заводдо металл эритүүчү казан жарылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Мындан тышкары, от казандын жарылуу себебин аныктоо үчүн өрт-техникалык экспертиза дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ