Menu

Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов аферист деп атаган адам – Эркин Тентишев Чүй облусунун жетекчиси болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Эл арасында аферист аталган Эркин Тентишев Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Ачык булактардан алынган маалыматтарга караганда, Эркинбек Тентишев коррупцияга айыпталган Ахматбек Келдибековдун аялы Аида Токтоматова менен бирдикте Саткынбай Тентишев атындагы Азия медицина институтунун негиздөөчүсү экендиги белгилүү. Канттагы мединститиут кайсы бир ишкананын конторунда түзүлүп, Пакистандан абутуриенттерди ташып оокат кылат. Алардын Кыргызстанга визалары боюнча жана билим денгээли тууралу бир нече жолу эл аралык жаңжал чыккан.

2020-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу АзМИнин негиздөөчүсү Эркинбек Тентишевге үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул салууну сунуш кылышкан.

Ал арада, аталган билим берүү мекемесинин социалдык тармактагы расмий баракчасында Тентишев өткөн жылы жайында өзүнө учак сатып алгандыгы тууралуу маалымат жарыяланган.

Буга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы жаңы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ысымы ЖМКларга 2018-жылы чыккан. Анда Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция жайкы сезонго даярдануу учурунда мыйзам бузуулар үчүн бир нече пансионаттарды жана эс алуу үйлөрүн убактылуу жапкандыгы айтылган. Кош-Көл айылында жайгашкан “Золотой Требас” пансионаты дагы ушул кара тизмеге кирген. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, ошол учурда аталган пансионаттын ээси Эркинбек Тентишев болгон.

2015-жылы Тентишев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Бирок, анын аты бир эле учурда эки партиянын – “Кыргызстан” жана “Ар Намыс” партияларынан талапкер болгондордун арасынан чыгып калган. БШК мыйзам бузулганын айтып, эки партияны тең шайлоого катыша албайт деп коркуткан. Андан кийин экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов Эркинбек Тентишевди аферист деп атаган. Ошол кезде Тентишев “Кыргызстандан” шайлоого катышууну көздөп жатканын, анан кандайча «Ар Намыстын» тизмесине кошулуп калганын билбей турганын айткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: