Кечээ, 10-мартта Сыймык Жапыкеев Финполдун эмгек жамааты менен коштошту. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
“Урматтуу достор кечээ күнү Финполдун коллективи менен коштошуп, узатышты, колдон келишинче иштештик. Баарын тапшырып өткөрүп бергенче 4-5 күн өтүп кетти. Финполдун жамаатына ыраазымын. Финполдун төрагасы катары элимдин, жеримдин жана өлкө үчүн таза – так иштегенге аракет кылдым. Эч жерден пара опузалап, же коркутуу менен иш кылган жокмун. Акыркы төрт айда 800 млн. сом бюджетке нак өндүрдүк, көптөгөн иштер жасалды. Чоң-чоң кылмыш иштер боюнча экспертизалардын кортундусун күтүп аттык эле. Баары оңой эмес.
Мен аякы бир жылдан бери катуу нерв болуп жүрүп сахарым көтөрүлүп кетти. Врачтар карап жатышат, нерв болбош керек, үйдө жатам. Ден-соолук болбосо эч нерсе кереги жок экен.
Достор аякы күндөрү мени сындагандар көбөйдү, жок эмне чыкпайт, эмне митингдерге чыкпайт деп мени издегендер көп. Мен мамкызматкер катары митингге чыгып өз оюмду билдиргенге укуктуу эмес элем”, – деди ал.
Белгилей кетсек, КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) жоюлган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ