Москвада Кыргызстандын жараны Сыймыкбек Алмазбек уулу, Чеченстандын жараны (аты-жөнү азырынча белгисиз) менен биргеликте метронун рельсине кулап түшкөн адамды куткарып калды.
Окуя 9-мартта, Москвадагы “Текстильщики” метросунда болгон. Метронун рельсине мас абалында болгон орус улутундагы адам кулап кеткен.
Күбөлөрүнүн айтымында, окуя болгон жерде көптөгөн адамдардын арасынан 2 гана жигит дароо реакция кылып, темир жолго кулап кетип эсин жоготкон жабырлануучуну куткарууга шашылышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ