Menu

Душанбеде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн темирдин сыныгы кулап, шаар тургуну жаракат алды

Бөлүшүү:

Жабырлануучу 25 жаштагы Сиёвуш Акобиршоевдин айтымында, окуя 9-февралда болгонуна карабастан, курулуш компаниясы ага дале болсо компенсация төлөп бере элек. Буга байланыштуу анын атасы прокуратурага арыз менен кайрылды.

«Болжол менен 30-40 килограммдык темир бутума тийди. Дарыгерлер төрт манжам өтө катуу жанчылып калгандыктан, калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес экенин айтышты», — деди оор операциядан кийин ооруканада жаткан Акобиршоев.

Аталган көп кабаттуу үйдү куруп жаткан «Ёкут-2000» компаниясынын өкүлү жабыркаган тургунга бардык керектүү дары-дармек сатып беришкенин билдирди.

Компаниянын башчысы Абдухалим Кодирзода бул окуя тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин айтып, жабырлануучуга компенсация төлөп берүү боюнча жетекчиликтин чечими тууралуу жакынкы күндөрү маалымат бериле турганын билдирди.

Расмий документтерге ылайык, «Ёкут-2000» компаниясы Салык кызматында «элдик керектөөдөгү товарларды өндүрүүчү жана сатуучу» катары 2000-жылы каттоодон өткөн. Алгач кийим тигүү менен алектенген компания бүгүнкү күндө Душанбедеги бир нече курулуш долбоорлорун ишке ашырууда.

Өткөн жылы Тажикстанда курулуш аянтчаларында 31 кырсык катталып, сегиз киши каза болуп, 33ү жаракат алган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: