Menu

Укук коргоочу Иззат Амонго каршы арыз жазгандар көбөйүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстандагы Саясий туткундарды куткаруу боюнча жарандык комитет ЕККУнун төрайымы Анн Линдеге кайрылып, Тажикстанга келгенде укук коргоочу Иззат Амондун маселесин көтөрүүгө чакырды.

Комитет Борбор Азияны кыдырып жүргөн уюмдун башчысын Орусиядан мыйзамсыз чыгарылган жана кармалган Иззат Амонду токтоосуз түрдө бошотууну талап кылууну сурады.

Бул арада укук коргоочунун туугандары ага каршы арыз жазгандардын саны көбөйүп жатканын, алардын арасында Иззат Амон такыр тааныбаган кишилер да бар экенин билдиришүүдө.

«Адвокат өз иши үчүн акы алат. Эч ким маселе оң жагына чечилеби же жокпу, кепилдик бере албайт. Маселен, биз азыр адвокатка акча бердик жана маселе чечилер чечилбесин билбейбиз. Эгер чечилбей калса, ал биздин акчабызды алып, маселени чечип бербей койду деп адвокатка каршы арыз жазабызбы?» – деп түшүнүрдү Иззат Амондун туугандарынын бири.

Тажик бийлиги Иззат Амондун кармалышы боюнча расмий комментарий бере элек. Анын иши Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (“Ири өлчөмдөгү алдамчылык”) боюнча тергелип жатканы гана белгилүү. Бул үчүн айып пул же 12 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Иззат Амон Исмоили Сомони райондук соту менен тергөө абагына камалган.

Амондун тарапташтары анын жоголгонун 25-мартта билдиришкен. Камакка алынганга чейин алдын-ала жаздырылган видеодо Иззат Амон Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, аны куугунтуктап жатышканын айткан.

“Мени бир канча күндөн бери аңдып жүрүшөт. Ошондой эле бир канча күн мурун тажик бийлигинин буйругу менен орус паспортум жараксыз деп табылганын билдим. Урматтуу президент Путин, эгер сиз бул видеону көрүп жатсаңыз анда мен Орусиядан чыгарылып кеттим деп билиңиз. Тажик бийлиги айрым кишилерге көп суммада акча берип мени айыптоого аракет кылып жатышат”.

Ал ошондой эле 1996-жылдан бери Орусиянын жараны экендигин, бирок бир нече күн мурун анын паспорту жараксыз деп табылгандыгын айткан.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: