Түркмөнстандын пайдасына чыккынчылык кылуу айыбы менен 15 жылга соттолгон Өзбекстан Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы офицери, 52 жаштагы адвокат Адылбек Юлдашев БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине абактан токтоосуз түрдө бошотуу талабы менен арыз тапшырды.
Адвокат Сергей Майоровдун айтымында, 2011-жылдан бери камакта отурган Адылбек Юлдашев биринчи күндөн тартып эле кыйноого кабылган. Адам укуктары боюнча комитетке жөнөтүлгөн арызда муну тастыктаган бир нече далилдер, анын ичинде сурак учурунда кабыргасы сынганын аныктаган рентген жазуу тиркелген.
2017-жылы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев кыйноо менен алынган көрсөтмөнү далил катары колдонууга тыюу салган мыйзамга кол койгон. Документке ылайык, кыйноо тууралуу маалыматтардын баарын прокуратура менен медэкспертиза текшериши керек.
Адылбек Юлдашев Өзбекстан менен Ташкенттин картасын Түркмөнстандын атайын кызматтарына берүүгө айыпталган. Адвокат карта мамлекеттик сыр болуп эсептелбей турганын билдирүүдө.
Юлдашев кармалгандан кийин аны атайын кызматтын өкүлдөрү он күн бою кыйнашып, өзүнө каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашып, кабыргасын сындырышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ